​Шаардык кеңеш депутаттыгына талапкер көрсөтүү аяктады

  • 3 года мурун

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

БШКнын айтымында, 59 саясий партия 28 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин сунуштады.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде, талапкерлердин тизмесинин көрсөтүлүшүнүн мыйзамга шайкештигин текшерет. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим же андан баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим кабыл алат.

БШКнын билдиргенине караганда, бул текшерүү “Түндүк” электрондук электрондук тутумун колдонуу менен жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда, эгер шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого тоскоол болгон документтердеги дал келбестиктерди тапса, анда шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул карама-каршылыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Саясий партия билдирүү алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо, шайлоого чейин 30 календардык күн калганда, 2020-жылдын 12-мартына чейин аяктайт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты