​«Металл-Кен» “Кайыңды кабель заводундагы” мамлекеттик пакетти сатып алууга даяр экенин билдирди

  • 3 года мурун

“Металл-Кен” компаниясы “Кайыңды кабель заводу” ААКсындагы 24,79% мамлекеттин акциясын сатып алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу аталган компаниянын “ПолитКлиника” редакциясына жазган катында айтылат.

“Металл-Кендин” директору Ван Шиендин айтымында, компания мамлекеттик үлүштү заводдун мүлктүк комплексин алуу тарыхына байланышкан негизсиз спекуляциялардан качуу максатында”сатып алат.

“Металл-Кен” ак ниет салык төлөөчү болуп келген жана боло бермекчи, анткени, бюджетке төгүлгөн акча каражаты жана социалдык төлөмдөрү 23 млн сомдон ашты. Бул завод ишке кирсе, [компания] өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн катарын толуктаарынан кабар берет”, — деп жазат катта компаниянын директору.

Компаниянын бул каты – ПолитКлиниканын “Кайыңды кабель заводунун” мүлктөрүнүн депутат Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы Гүлсара Сулайманова жана анын туугандарынын жардамы менен жаңы кожоюндарга өтүүсү, бул иштер атайын кызматтардын аракеттеринин фонунда өткөнү тууралуу материалына реакциясы.

Компания депутаттын мурунку жубайы Гүлсара Сулайманова ортомчулук кызматты аткарган эмес жана заводдун мүлктөрүн берүү чечими кабыл алынган акционерлердин жыйыны регламентке ылайыктуу өткөн деп, бул боюнча Маммүлк фондунун (ФУГИ) позициясы менен макул эместигин билдирет.

Маммүлк фонду 2018-жылы “Кайыңды кабель заводунун” акцияларынын контролдук пакетине Гүлсара Сулайманованын жакын туугандары ээ болуп, акционерлердин жыйынын өткөрүп,заводдун мүлктөрүн ошол эле Сулайманова кытайлык инвесторлор менен бирге ээлик кылган “Металл-Кен” компаниясына өткөрүп берүү тууралуу кабыл алган чечимин жокко чыгарууну суранып сотко кайрылган.

Азыр “Металл-Кен” “Кайыңды кабель заводунун” ордунда металлды кайра иштетүүчү жаңы ишкана куруп жатат. Компания заводду коронавирус пандемиясынын айынан 2020-жылы ишке киргизе албай калып, эми 2021-жылдын экинчи кварталында ишке киргизуүнү пландап жатат.

«[Компания] калган жабдыктарды Кытайдан алып келүү, чет элдик адистердин келиши жана сыноо иштерин жүргүзүү боюнча болгон аракеттерин көрүп жатат”, — деп жазат катта директор Ван Шиень.

“Кайыңды кабель заводу” акционердик коому өзү заводдун мүлктөрү жаңы кожоюндарга берилгенден кийин өндүрүш кубаттуулугу жок калган жана ишкана өзү дагы ишмердүүлүгүн токтоткон.

Иликтөөнү толугу менен бул шилтемеден окуй аласыз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты