​Жаңы мэрдин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевге эмнеге нааразы болуп жатышат?

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп бүгүн,9-январда дайындалган Эрмек Нургазиевге нааразы болгондор социалдык тармактарга жаза баштады.

Алар мэрдин милдетин аткаруучу курулуш компаниясында алдамчылык менен алектенгени жана аял кишиге кол көтөргөндүгү тууралуу фактыларды жазып, анын мэрлик кызматка татыксыз экендигин билдиришүүдө.

Ал эми мэрдин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев аял кишиге кол көтөргөнүн, таржымал 2 жылдан бери созулуп келатканын мындайча билдирди:

-Он жыл мурун “Капитал плюс”, “Капитал право” фирмалары болгон. Булар элге кредит берип, үйлөрүн алып коюшчу. Фирма чоң бизнеске айланып кеткен. “Альянс курулуш” компаниясына кредит берип, объектилерге арест коюп, рейдерлик басып алуу жүрүп жатат.

Аял боюнча ушул фирманын юристи, менин да бир объектиме арест коюп, ошол жерде кооператив төрагасымын, үйдү бүтүрүп бердим, жашап жатышат, бирок дагы мэриядан, жылытуу ж.б. боюнча жардам боло элек. .

Ошол аял үлүшчүлөрдүн жыйынында камерасын даярдап келип, бетиме чаап жиберген, мен да жооп катары чаап жибергем. Ошол күнү арыз жазган. 30 үлүшчү арыз берип, ал биринчи чаап жибергенин айтып, ишти жапкан , -деген Эрмек Нургазиев.

-Менин милдетим элге жардам берүү, -деди ал.

Эл журт! Бишкек шаарына Эрмек Нургазиев мэр болуп келет экен дегенди угуп, төбө чачыбыз тик туруп атат. 400 дөн ашуун…

Опубликовано Назгул Насиевой Понедельник, 8 февраля 2021 г.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты