​Акыркы өкмөт башчылыкка Улукбек Марипов сунушталды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 1-февралда, Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка “Республика -Ата журт” фракциясы тарабынан сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

41 жаштагы Улукбек Марипов 2016-жылдын 19-мартынан бери Эсеп палатасын жетектеп келе жатат.

Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында өзү тууралуу маалыматка буларды кошумчалады:

-Мамлекеттик кызматта иштегениме 20 жыл болот. Бир да саясий партияга мүчө эмесмин, саясий амбициям жок, -деди Улукбек Марипов.

Премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков аткарууда. Президент Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда өткөн 10-январдагы президенттик шайлоонун алдында өкмөт башчылык кызматты убактылуу токтоткон.

Учурда Конституция долбоору сунушталганы турат. Конституциянын жаңы долбоору боюнча аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктары Президентке ыйгарылмакчы.

Эгер Конституция референдумда кабыл алынса, азыркы өкмөт Кыргызстандагы акыркы өкмөт болуп калмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты