Садыр Жапаровдун ант берүү аземи

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровдун ант берүү аземи Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жатат.

Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулган. Чакырылгандар коронавирус инфекциясына ПЧР анализдерин тапшырышкандыгы белгиленжи.

Инауггурация аземи коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана республикалык телеканалдар аркылуу, ишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт. Азем саат төз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Садыр Жапаровдун унаасы филармонияга келди. Ал Айкөл Манаска таазим этти. Саякбай Каралаевдин аткаруусунда «Манас» эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканы аткарылды.

Садыр Жапаров ант берди. Ага Президенттин төш белгсиси, штандарты тапшырылды. Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты