​USAID Кыргызстанга муздаткыч жана вакцина алып бере турган болду

  • 3 года мурун

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги Кыргызстанга америкалык Pfizer компаниясы менен Германиянын BioNTech компаниясы тарабынан чыгарылган COVID-19га каршы вакциналарды сактоо үчүн атайын муздаткычтарды алып берет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты бүгүнкү жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигине вакцина алуу үчүн алдын ала даярдыктар көрүшпөгөнүн айтты: “ Pfizer вакцинасы чыгып жатканда эле өмөнкү температурада сакталуусу керек экендигин билбедик беле. Эмне үчүн даярдап койгон жоксуңар? Россиянын вакциналары да төмөнкү температурада сакталат экен. Азыр жаңылык ачкансып айтып жатасыңар да”, — деди.

Саламаттыкты сактоо министри депутаттын суроосуна Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк COVAX вакцинация жана иммузация альянсына киргенин айтты. “Ага ылайык 1-этапта 3 пайыз калк, экинчи этапта 20% калк эмделет. Биз бардык тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. USAID 1млн 200ми дозага жеткидей муздаткыч, 0,3 млм шприцтерди бекер бермей болду. Июнь айында муздаткычтар келип бүтөт”,- деди. Бирок 1 млн 200 миң доза Кыргызсатан калкына жетпей турганын айтып Россия өндүрүп жаткан вакцинанын 3 түрүн алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Pfizer вакцинасын алуу үчүн 2млн долларга -70 градустук муздактыкты сактаган муздаткычтар керек экендигин айткан. Бизде андай муздаткычтар жок болгондугуна байланыштуу башка аталган вакцинаны ала алышпай тургандыгын белгилешкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты