​Мыя тамырынын COVID-19ду дарылоодо пайдалуу жактары бар (Фактчекинг)

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов мыя тамыры коронавируска каршы күрөшүүдө эффективдүү дары болушу мүмкүн экендигин, 25-декабрда өкмөттүн отурумунда айткан.

Президент мыянын тамыры медицинада жана элдик медицинада илгертен бери жөтөлдү, бөйрөк жараларын, жогорку дем алуу жолдорун жана он эки эли ичегинин жарасын дарылоодо колдонулуп келгендигин билдирген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Мыя тамырын колдонуу боюнча нускама

Мыя — бул буурчак өсүмдүктөр тутумундагы көп жылдык чөп. Бул дары-дармек, тамак-аш жана өнөр жай өсүмдүктөрү катары кеңири колдонулат. Евразиянын жана Американын мээлүүн жана субтропикалык зоналарында, Түндүк Африка менен Австралияда өсөт.

Фармакологиялык эффекти — мыянын тамырынан жасалган тундурма какырык чыгарууга, сезгенүүгө каршы таасир этет.

Дары-дармектердин көрсөтүлүшү — мыя тамыры дем алуу жолдорунун жугуштуу жана сезгенүү ооруларынын комплекстүү терапиясында, гиперациддик гастрит; ашказандагы жана он эки эли ичегидеги жара ооруларында колдонулат.

Терс таасири — аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн. Көрсөтүлгөн дозадан ашыкча колдонуу менен, кан басымы жогорулап, гипокалиемия пайда болуп, суу-туз алмашуусунан улам перифериялык шишик пайда болот.

Мыя тамырында кездешкен глицирризин кислотасы коронавирусту нейтралдаштыра алат

Германиянын Дуйсбург-Эссен университетинин изилдөөчүлөрү “Cold spring harbor” лабораториясы менен биргеликте мыя тамырынын коронавируска тийгизген таасири тууралуу илимий изилдөөсүн “Cold spring harbor” лабораториясынын bioRxiv порталына жарыялашкан.

Изилдөөлөргө ылайык, мыянын тамырында кездешкен глицирриз кислотасы вирусту баса алат. Окумуштуулар мыя тамырынын суудан алынган экстракты нейтралдаштыруучу таасирге ээ экендигин, глицирриз кислотасы адамдар үчүн коопсуз экендиги белгиленген.

Лабораториялык изилдөө үчүн окумуштуулар 8 мг / мл концентрациясында мыя тамырынын көчүрмөсүн даярдашты. Андан кийин, алар коронавирустун жүз 50% жугуштуу дозасында ар кандай дозаларда суюлтулган экстрактты кошуп, 37 градус температурада бир саат бою инкубациялашты. Алар Vero E6 атайын бириктирилген клеткаларында дагы ушуну кайталашкан.

Натыйжада, мыя тамырынын суудан алынган экстракты коронавирусту нейтралдаштыруучу таасирин 0,5-1 мг / мл концентрациясында — бул өсүмдүктөн алынган чайга караганда төмөн деп табышты. Изилдөөнүн авторлору ичимдик коронавирусту дарылоодо натыйжалуу болушу мүмкүн деп эсептешет.

Ошондой эле, изилдөөнүн авторлору мыя тамыры менен глицирризиндин коронавируска тийгизген таасирин терапиялык таасирин тастыктоо үчүн кененирээк изилдөө керек деп эсептешет. Бирок буга чейин бул заттын коопсуз жана оңой чыдай турганы белгилүү болгон.

Кытай окумуштуулары мыя тамырынын COVID-19ду дарылоодогу пайдалуу жактарын аныкташкан

Кытайлык окумуштуулар: “мыянын тамырынын бир компоненти коронавирус жуккан клеткаларга оң таасирин тийгизет” деп билдирген Global Times гезити.

Пекин Университетинин жана Кытай Элдик Боштондук Армиясынын Медициналык Академиясынын изилдөө тобу салттуу кытай медицинасынын COVID-19 дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыгышкан.

Илимпоздор Кытайда колдонулган мыя тамырын түзүүчү компоненттердин бири интерферондорду туурап, организмге вирус менен күрөшүүгө жардам берерин аныкташкан. Изилдөөнү кытай окумуштуулары чычкандарга жүргүзүшкөн.

Окумуштуулар тобунун айтымында, мыянын тамыры COVID-19 гана эмес, башка вирустарды, анын ичинде ВИЧти дарылоодо колдонулушу мүмкүн.

Жыйынтык: Ооба, мыянын тамырларынан жасалган тундурма какырык чыгарууга, сезгенүүгө каршы таасир этет. Мыя тамырында кездешкен глицирризин кислотасы коронавирусту нейтралдаштыра ала тургандыгын Немец изилдөөчүлөрү далилдешкен.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты