​Covid-19 башка ооруларды козгой турганы чын (Фактчекинг)

“ЭлТР” телеканалынын “Ден-соолук” берүүсүндө “Коронавирустан улам башка оорулар жаралышы мүмкүнбү?” деген теманын алкагында көрсөтүү болгон.

Ошондой эле, Facebook колдонуучулары, Фейсбуктагы “KG ВРАЧИ — сообщество работников здравоохранения Кыргызстана” деген тайпасына “Коронавирус менен ооруп айыккандан кийин башым, жүрөгүм, муундарым, бөйрөгүм ооруп атат….”, — деген сыяктуу ар кандай билдирүүлөрдү калтырышкан.

Бишкек шаарынын тургуну Айжан мындан беш ай мурда COVID-19 менен ооруган. Учурда коронавирус оорусунун кесепетинен улам нерв оорулары козголуп, дарыланып жаткандыгын айтат:

Эки айдан бери башым, муундарым маал-маалы менен ооруп анын кесепетинен невропатологго кайрылганга мажбур болдум. Врач коронавирустан кийин нерв оорулары козголуп атканын айтып, бир катар дары-дармектерди жазып берди. Учурда ийне сайдырып, дары-дармек ичип аткан чагым”, — дейт Айжан.

Бул маалыматты “ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы пульмонологу Талант Сооронбаев коронавирус менен ооруп айыккандан кийин ар кандай оорулардын белгилери сакталышы мүмкүн экендигин айтат:

Ооба, биринчиден, COVID-19 менен ооруп айыккандан кийин, 3 жумадан кийин ар кандай оорунун белгилери сакталышы мүмкүн. Анын ичинде өпкөнүн жараксыздыгы, тромбоз жана тромбоэмболия, жүрөк кан тамыр оорулары, инсульт сыяктуу бир катар коркунучтуу да оорулар бар”, — дейт Талант Сооронбаев.

Ошондой эле мурунку өнөкөт өпкө, жүрөк жана башка ички органдардын оорулары дагы козголушу мүмкүн экендигин айтат.

Оорунун бир нече айга созулган белгилери болушу мүмкүн

COVID-19 менен ооруган адамдардын көпчүлүгү айыгып, кадимки ден-соолугуна кайтышса, кээ бир бейтаптар курч оорудан айыккандан кийин бир нече жумага, атүгүл бир нече айга созула турган белгилерге ээ болушу мүмкүн.

Ооруканага жаткырылбаган жана жеңил ооруга чалдыккан адамдарда туруктуу же кеч белгилер байкалат. Бул тууралуу АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (Centers for Disease Control and Prevention) изилдеген.

Айрымдарда коронавирустан кийин төмөнкүдөй оорунун белгилери байкалышы мүмкүн. Алар: чарчоо, муун оорусу, көкүрөк оорусу, ой жүгүртүү жана концентрация кыйынчылыгы, депрессия, булчуң оорусу, баш оору, өпкөнүн иштешинин бузулушу, бөйрөктүн курч жабыркашы, чачтын түшүшү, неврологиялык оорулар, психиатриялык оорулар.

Россиянын Борбордук Эпидемиология Илимий институтунун клиникалык жана аналитикалык иштери боюнча орун басары Наталья Пшеничная коронавирустун кийинки калтырылган кесепеттери тез чарчоо, эс тутумдун төмөндөшү жана концентрация, алсыроо жана жөтөл, баш айлануу жана тахикардия экендигин айтып берген.

Адистин айтымында, COVID-19 менен ооруган бейтаптардын сакайып кетүүсүнө убакыт бериш керектигин билдирген.

Буга чейин Джордж Мейсон университетинин алдындагы Системалык биология мектебинин адистери “коронавирус карылыкты жакындатат”, — деп жыйынтык чыгарышкан. COVID-19 менен ооруган бейтаптардын 70%ында ички органдардын карылыкка мүнөздүү патологиялары байкалган.

Дарыгер, иммунолог-аллерголог Владимир Болибоктун айтымында, инфекциядан бүт организм жабыркайт.

«Бул боюнча эмне кылышты эч ким билбесе керек», — деп билдирген Владимир Болибок.

Жыйынтык: Covid-19 башка ооруларды козгой турганы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты