​Тиш жуучу каражаттар коронавирусту толук жок кылбайт. Фактчекинг

Тиш жуучу каражаттар коронавирусту эки мүнөт ичинде 99,9%га жок кылат деген маалыматты Abal.kg маалымат порталы РИА Новостиге таянып жазган.

Биздин редакция бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалыматка ылайык, оозду чайкоочу каражаттар вирусту 99,9%га жок кыла турганын америкалык окумуштуулар далилдешкен. Ошондой эле, изилдөөнүн жыйынтыктары Британиялык British Dental Journal сайтында жайгашкандыгы маалымдалат.

Бул изилдөөнү Америка окумуштуулары эмес, Малайзия жана Сингапур мамлекеттеринин окумуштуулары жасаганы изилдөөдө маалымдалат.

British Dental Journal сайтында оозду чайкоо каражаттар коронавирусту 99,9%га жок кылат деген маалымат жайгаштырылганы чын. Ал изилдөөнүн жыйынтыгында бир пайыздык PVP-I оозду чайкоо каражаты SARS-CoV-2нин вирустарын ооздун ичинде жок кыла турганы жана вирустун жалпы жугуу потенциалын азайта турганы маалымдалат. Бул каражат, аралашмасына жараша, вирусту 15, 30 жана 60 секунда ичинде ооз көңдөйүндөгү вирустарды жок кыла алат.

Бирок, бул изилдөө in vitro жасалган. Башкача айтканда, бул каражаттын эффективдүүлүгү адамдарда эмес, жасалма чөйрөдө тастыкталган. Ошондой эле, изилдөөчүлөр изилдөөлөр уланып жатканы менен пайда алып келери белгисиз экенин айтышкан. Ошондой эле, курамында PVP-I оозду чайкоо каражаттары айрым адамдарда терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги айтылган.

Жыйынтык: Бул изилдөөнү Америкалык эмес, Малайзия жана Сингапур окумуштуулары жасашкан. Бул каражаттар вирусту толук жок кылбайт, бирок вирустун жугуу потенциалын азайтат.

Ошондой эле, ушул эле кабарда башка изилдөөдө тиш пасталары да вирусту азайта ала тургандыгы тастыкталгандыгы айтылат. Бирок маалыматта бул жыйынтыктар кайсы изилдөөгө таянып айтылып жаткандыгы белгисиз. Изилдөөгө 260 адам катышкандыгы гана айтылган. Биз жогоруда айтылган маалыматты Интернет ресурстары аркылуу таптык.

Мындай маалымат Dental Tribune сайтында жайгаштырылган. Ага ылайык, Colgate компаниясы каржылаган изилдөөлөрдө Colgate маркасынын айрым тиш пасталары COVID-19 вирусунун ооздогу санын 60 мүнөткө чейин азайтат. Ушундай эле маалымат Colgate соода маркасынын сайтында жайгашкан. Бирок, бул маалыматтар кайсы изилдөөлөрдүн негизинде алынганы жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары жарыяланган эмес.

Жыйынтык: Тиш пастасы коронавирусту жок кылат деген маалымат тастыкталган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты