​Норвегиялык Хельсинки комитети Кыргызстанда сунушталган Конституцияны сындады

  • 3 года мурун

Норвегиялык Хельсинки комитети Кыргызстанда сунушталган жаңы Конституцияны сындады. Мындай маалымат уюмдун сайтында жайгашкан.

Уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанда сунушталган Конституция өлкөнүн сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин белгилешкен.

Норвегиялык Хельсинки комитетинин адам укуктары саясатынын кеңешчиси Ивар Дале Конституциянын бул редакциясы элдин сөз эркиндигине болгон укугун бузушу мүмкүн деген:

“Кыргызстан элинин баалулуктарын жана салттарын сыйлашыбыз керек. Бирок, “каада-салттарга жана ыймандык баалулуктарын каршы келген басылмаларга тыюу салуу” ошол эле элдин сөз эркиндигине болгон укугун бузат”, — деген Ивар Дале.

Мындан сырткары, Норвегиялык Хельсинки комитети өз билдирүүсүндө он жыл мурун өлүмдөр менен коштолгон окуялардан соң Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү кооптонуу жаратышы керек экендигин белгилеген.

“Кыргызстанда демократиялык баалулуктар күчтүү. Бирок бул баалулуктар Конституция менен корголушу керек. Жалпы адам укуктарын сыйлоо кыргыз маданиятын сыйлоосун камсыз кылат. Сөз эркиндиги, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, кыргыз маданиятынын бөлүгү болуш керек”, — деген Норвегиялык Хельсинки комитетинин башкы катчысынын милдетин аткаруучу Гуннар Экелёв-Слайдал.

Ошондой эле, Норвегиялык Хельсинки комитети Кыргызстанды Эл аралык уюмдар менен кол коюлган келишимдерди сактоону чакырган.

Муну менен бирге бул уюм өз билдирүүсүндө Норвегиялык Хельсинки комитети келерки убакта абалга көз салаарын белгилеп, Борбор Азияга инвестиция кылган мамлекеттерди жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетин да бул абалга көңүл бурууга чакырган.

Эске сала кетсек, буга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө Жогорку Кеңештин укугу жок экендигин Венециялык комиссия өз корутундусунда белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты