​G20 лидерлери пандемияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууга макулдашты

  • 3 года мурун

“Чоң жыйырмалыкка” (G20) кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитинин жыйынтыгында глобалдык коркунучтарга, коронавирус пандемиясы менен анын кесепеттерине каршы бирге күрөшүү зарылдыгы жөнүндө бирдиктүү декларация кабыл алынды.

Ушул ишемби жана жекшемби күндөрү өнүккөн жана кыйла өнүккөн 20 мамлекеттин жетекчилери Сауд Арабиясынын төрагалыгы астында онлайн жолугушуу өткөрүштү.

Анын алкагында, G20 лидерлери жакыр өлкөлөр үчүн мамлекеттик карыздарды төлөө мөөнөтүн 2021-жылдын ортосуна чейин жылдырууга макулдашты.

Декларацияда Жер шарынын бардык жашоочуларын COVID-19ду аныктоо жана дарылоо каражаттары, келечекте вакцина менен жеткиликтүү камсыздоо үчүн бардык аракеттери көрүүгө милдеттеме алуу каралган.

Документте экономиканын пандемиядан өзгөчө жабыр тарткан тармактарын, анын ичинде эл аралык транспорт жаатын колдоо да бар. Лидерлер келерки жылы Токиодо Олимпиада оюндарын өткөрүүнү да кубатташты.

Бул арада климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Париж келишими жөнүндөгү маселе да талкууланды. Уюмга кирген 20 өлкөнүн ичинен 19у аны колдой турганын билдирсе, АКШ каршы чыкты. Кошмо

Штаттардын президенти Дональд Трамп ал экономикалык өнүгүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтты.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты