«Ата Мекендин» офисине 20 чакты бала келип, Текебаевдин кечирим суроосун талап кылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 21-ноябрда, Ата-Мекен партиясынын штабына жыйырмага жакын спорттук түзүлүштөгү балдар келип, Өмүрбек Текебаевдин келүүсүн талап кылып турушту. Бул тууралуу Ата-Мекен партиясынын штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Ата-Мекен саясий партиясынын штабына өздөрүн тааныштыруудан баш тарткан балдар келип, Өмүрбек Текебаевдин “Силер эч ким эмессиңер!” (“Вы никто”) деп айтканы үчүн кечирим сурасын деген талап коюшту. Эгер, бүгүн кечинде кечирим сурабаса, эртең көп болуп келишерин айтышты. Алар штабдын алдында 10 мүнөткө жакын кыйкырып туруп, тарап кетишти.

Өмүрбек Текебаев 17-ноябрда коомдук талкууга чыккан Конституциянын жаңы долбоору боюнча талкууда прези денттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевге “Конституцияны өзгөрткүдөй силер эч ким эмессиңер”, — деп айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты