«Ханституция»: Демилгечи депутаттар эмне дейт?

17-ноябрда 80 депутат демилгелеген Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Жаңы Конституциянын долбоору коомчулукта кескин сынга кабылды.

Мыйзам боюнча кандай?

Конституциялык реформа жасоо бир катар мыйзам бузуулар менен коштолуп жаткандыгын юристтер белгилеп келишет.

Баш мыйзамдын тогузунчу бөлүгү азыркы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү эрежеси каралган.

1. Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.

2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Депутат Акылбек Жапаров 22-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттик шайлоону токтото туруу, Конституциялык реформа жасоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

3. Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кабыл алат.

Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамды ошол эле күнү кабыл алган.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Депутаттар бул мыйзам долбоорун бир күндө дароо үч окууда кабыл алып коюшкан.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн

17-ноябрда 80 депутат демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккан. Бирок, кийинчерээк үч депутат бул мыйзамды демилгелебегенин билдиришкен.

Эл өкүлдөрү мыйзам менен таанышпы?

Демилгечи болгон депутаттардын тизмеси:

Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.А.Алыбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, Ө.М.Бакиров, А.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, К.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А.Т.Жутанов, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, С.Исманов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, И.А.Маннанов, Г.С.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.А.Мусабекова, Б.Нурдинов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.О.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Ж.Субанбеков, А.М.Султанов, Б.К.Сыдыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Б.Эгембердиев, А.Л.Юсуров.

Бул мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттардын бардыгына байланышканга аракет кылдык. Алардын көпчүлүгү менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

Жогорку Кеңештин сайтында демилгечи катары илинип турган тизмедеги айрым депуттартар бул мыйзамга кол коюшпагандыгын айтып чыгышкан.

«Конституциянын долбоорун жазууга аралашкан эмесмин»

Депутат Аалы Карашев Конституциянын дорбоорун жазууга аралашпаганын билдирди: «Мен демилгечиси да, автору да эмесмин. Конституцияны жазууга мен аралашкан эмесмин. Тизмеде турам, бирок мен «конституциялык реформа керек, референдум аркылуу кабыл алынсын» дегенге кол койгом. Конституциянын жаңы долбоорун мен көргөн да, ага кол койгон да жокмун«.

«Үстүртөн эле окугам»

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова дорборду үстүртөн окуганын айткан: «Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кат жазып, арызымды парламенттин аппаратынын жалпы бөлүмүнө тапшырдым. Документ колума 16-ноябрда тийип, «коомдук талкууга коюш керек», «мөөнөттөн уттурсак, президенттик шайлоо менен кошо референдумга чыкпай калат, анда бюджетке кошумча чыгым болот» дешкенинен үстүртөн таанышып эле, демилгечи депутат катары кол коюп бергем«.

“Талкуулайлы дегенге кол койгом

Депутаты Алярбек Абжалиев Жогорку Кеңеш Конституциянын мазмуну менен таныша электигин айткан: “Долбоорду көрө элекмин. Көрүп туруп айтабыз да. “Жогорку Кеңештен карайлы. Коомчулук өкүлдөрү, баары келип карашы керек» деген маселе боюнча кол койгом”.

“Оюмду өзгөртүп коем”

Дагы бир депутат Пархат Түлендыбаев азыр эч нерсе белгилүү эмес экендигине токтолду: “Биз коомдук талкууга чыгарбадыкпы. Көрөбүз кандай болорун. Оюмду өзгөртүп деле коюшум мүмкүн”.

“Үстүртөн эле окугам”

Депутат Тазабек Икрамов да демилгелеген мыйзам менен толук тааныш эместигин билдирди: “Үстүртөн эле окугам. Көпчүлүк болгон үчүн кол койдум. Бул мыйзам дагы талкууланат да”.

“Мен демилгечи эмесмин

Дагы бир депутат Айгерим Бешимбаева жаңы сунушталган Конституциянын долбоорун жазууга катышпаганын айткан: «Бул боюнча комментарий бергим келбей турат. Жаңы Конституция долбооруна мен демилгечи болгон эмесмин. Азыркы жазылган өзгөртүүлөргө каршымын, кол койгон да эмесмин».

“Авторитардык бийлик тууралуу кооптонгон пикирлерге кошулбайм

ЖКнын вице-спикери Мирлан Бакиров: “Он жыл аралыгында парламенттик-президенттик башкаруу системасында жашадык, коалициядан өкмөттөр түзүлүп, урап жатты. Канча деген өкмөт башчы алмашты. А жоопкерчиликти алган бир да коалиция, фракция же бир тарап болгон жок. Бул жерде жоопкерчиликти чарбадан баштап экономикалык жана социалдык саясат, эл аралык мамиле, чек ара жана башканын баарын президент алуу мүмкүнчүлүгү да, милдети да жүктөлүп жатат», — дейт ал.

“Конституциянын проектин көргөн да, окуган да эмесмин

Депутат Иса Өмүркулов референдум өткөрүү сунушуна гана кол койгонун айтты: “»Мен референдум өткөрүүгө гана кол койдум. Автор катары катышкан эмесмин. Конституция долбоорун көргөн да, окуган да жокмун. Албетте, эми долбоорду окуп чыгам».

“Комментарий бербейм”

Депутат Адыл Жунус уулу убактысы жок болгондугуна байланыштуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Конституция долбооруна кол койгон эмесмин

Депутат Эмил Токтошев өзүнүн Facebook баракчасынан бул мыйзам долбоорду көрсөткөнгө каршы экендигин айткан. “Мен долбоорго кол койбогонуму дагы бир жолу баса белгилейм!

Мен конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колуму койгом. Кечээ долбоорду сураганымда, даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмүн каршылыгымы айтып, чыгып кеткем!”,-деген.

Ал эми башка демилгечи депутаттар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат

80 депутаттан ашса деле бул мыйзамды демилгелей алышпайт

Юрист, жарандык активист Таттыбүбу Эргешбаева азыркы тапта юристтер жаңы Конституция долбоорунун үстүндө иштеп жатышкандыгын айтты. “Бул Конституцияны көтөрүүдө мыйзамдык процедуралары сакталбай жатат. Азыркы кыймыл-аракеттердин баары мыйзамсыз»:

“Мыйзамды демилгелегендер 80 депутаттан ашса деле бул бийлик легитимсиз. “Азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттары Конституциялык реформа кылууга ыйгарым укуктары жок”,- деп Венециялык комиссия да өзүнүн корутундусунда айтып чыкты. Анткени 28-октябрда алардын мөөнөтү официалдуу бүттү. Азыр алар аргасыз бийликте вакуум пайда болбосун деп иштеп жатышат. Эл аралык практиканын негизинде, демократиялык баалуулуктардын негизинде бизге окшогон кырдаалда депутаттар өз ыйгарым укуктарын кеңейтип алып жаны Конституциялык реформа кылса, бул аша чаап кетүү деп эсептелинет. Ошол себептен, юридикалык жамаат дагы, эл дагы Жогорку Кеңешти мыйзам алдында иштөөгө чакырышы керек. Андан сырткары Конституциялык палата дагы Венециялык комиссиянын корутундусун эске алып, өзүнүн чечиминде “22-октябрда Жогорку Кеңештин кабыл алган мыйзамы Конституцияга карама-каршы келет”,- деген чечим чыгарыш керек. Анткени, бул жалгыз гана туура жана конституциялык чечим болуп эсептелет», — дейт ал.

Ошондой эле, «Конституциялык палатанын судьяларынын да тарыхый миссиясы бар. Алар чындап эле көзкарандысыз жана укуктук коргоо органы катары өзүн көрсөтө алабы же эски конституциялык сот сыяктуу эле президенттик аппаратттан көзкаранды болобу? Себеби, буга чейин Акаев, Бакиевдер өзүнүн мыйзамсыз иштерин Конституциялык соттордун жардамы менен легитимизация кылып келген. Ал судьялар каякта экенин көрүп жатабыз. Юридикалык коомчулук алар менен жада калса саламдашпайт”, — деди

Азыр болбосо да кийин жоопко тартылышы керек.

Шашылыш кабыл алынып жаткан конституциялык мыйзам үчүн ким жоопкерчилик тартары жөнүндө Сания Токтогазиева буларга токтолду:“Биздин азыркы маселе, бийлик бутактары ортосунда тең салмактуулук жоктугу болуп жатат. Мурун парламент мыйзам бузуп жатса президент көзөмөлдөй алчу же тескерисинче. Депутаттар эбегейсиз мыйзам бузуулар менен Конституциялык реформаны өткөрүп жатышат. Азыркы ишмердүүлүгү үчүн бүгүн болбосо да кийин сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. Кыргызстан боюнча мыйзамдуулукту Генералдык прокуратура көзөмөлдөйт да. Көрүп турбайбызбы генералдык прокуратурада ким отурат”.

Коомдук активисттер, бейөкмөт уюмдар жаңы даярдалган Конституциялык мыйзам долбоору мыйзамсыз экенин айтышып, Кыргызстанда артка тартарын белгилешүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты