​Садыр Жапаров жалдаган Израилдик чалгынчы ким? Биз текшерип көрдүк

Foreinglobby.com сайты Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма менен Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алуу боюнча келишим түзгөнүн жазган.

“Бул фирма Cадыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштурат” деп айтылат макалада:

“Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопcуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоо, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын сүрөөнү ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды”, — деп жазган Foreinglobby.com сайты.

Ошондой эле, макалада АКШнын Юстиция департаментине берилген документ тиркелген. Ал документке ылайык, 1 млн долларга келишим түзүлүп, баштапкы сумма 500 миң доллар төлөнгөн.

Ал эми Кыргызстандын атынан Бишкекте катталган «Реннесанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын ээси Абдыманап Карчыгаев кол койгон. Абдыманап Карчыгаевдин уулу, аталган корпорациянын жетекчиси Алтынбек Карчыгаев «Азаттыкка» мындай келишимге кол коюлганын ырастаган.

“Ренессанс” компаниясы юстиция министрлигинен 2019-жылы каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү — мал өндүрүү менен бирге өсүмдүк өстүрүүчүлүк.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Садыр Жапаровдун бул кадамын туура деп эcептейт:

“Бул эми — дүйнөлүк практика. Өзгөчө бизге окшогон мамлекеттер: Грузия, Укриана, Армения сыяктуу мамлекеттер колдонгон. Жаңы келген бийликтер демократиялык мамлекеттер менен иштешүүдө тажрыйбасы жок болот. Тышкы иштер мингистрилиги көп нерсени жасай албайт.

Лоббисттик компаниялар жогорку денгээлдеги мамлекеттик кызматчылар менен жолугушууларды уюштурууга жардам берет. Мамлекеттерден экономикалык саясий технологиялык жардамдарды алганга, мамлекеттин имиджин өзгөртүүгө жардам берет.

Жаңы бийлик лоббисттик компания жалдап аракет көрүп жатканы туура көз караш. Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили Европага жакын деп эсептелген. Бирок ошого карабастан башкарып турган 8 жылдын ичинде бир топ лоббисттик компанияларды жалдап, алардын жардамын пайдаланган. Бул маселенин баарын чечпейт. Бирок мамлекет башка мамлекет менен иштешүүгө максаттарды койсо, аларды ишке ашырууга, жардам алууга түрткү болот.

Лоббисттик компанияларга так тапшырмаларды коюп, мамлекет менен мамилени өзгөртүүгө аракет кылуу туура жол. Лоббисттик компания кандай ийгиликтерди алып келе алат, күчү жетеби мен айта албайм”, — дейт Жээнбеков.

Ари Бен-Менаше ким?

1970-жылдары Израилде курал-жарак сатуу

Haaretz басылмасынын маалыматына ылайык Ари Бен-Менаше 1970-жылдары Израилдин чалгындоо кызматында иштеп карьерасын баштаган. Ошол учурда Менаше бир убакытты Америкага дагы, Иранга дагы (1979-жылы Иранда Ислам революциясы болуп жаткан) курал-жарак сатып турганы айтылат. Мындан сырткары Бен-Менашенин айтымында саясий чыр-чатактардын жана израилдик чалгындоо кызматындагы пара алууларды ачыкка чыгарган. Израиль муну четке кагып келет.

Судан

АКШнын Юстиция министрлигине берилген документтерге ылайык, Ари Бен-Менаше Судандык аскердик хунтанын жана Венесуэладагы оппозициялык күчтөрдүн атынан АКШнын жана Орусиянын өкмөттөрүнүн кызыкчылыктарын сүрөйт. Бул тууралуу ал өзү Haaretz басылмасына берген интервьюсунда айткан.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Венесуэлада саясий кризис, Суданда аскердик төңкөрүш болгон.

Ари Бен-Менаше Би-Би-Сиге 2019-жылы берген маегинде Судандын Өткөрмө аскердик кеңешинен, аларды дипломатиялык таануу жана ЖМК тараптан жагымдуу чагылдырылышы үчүн 6 млн доллар алгандыгын айткан. Ушул эле интервьюда ал Зимбабвенин мурунку президенти Роберт Мугабе менен байланыш түзүп тургандыгын билдирген. Зимбабвенин мурунку Президенти Роберт Мугабе саясий оппоненттерине жана журналисттерге куугунтук жасагандыгы айтылат.

The New York Timesтын 2004-жылы чыккан макаласында Ари Бен-Менаше жана анын Dickens & Madson компаниясы Зимбабвенин өкмөтүнөн 615 миң доллар алгандыгын соттук протоколдорго таянып жазылган.

Dickens & Madson компаниясы Канадада 2001-жылы Монреаль шаарында катталган. Бул маалымат Канаданын юстиция министрлигинин сайтынан алынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты