Канат Исаев Жогорку Кеңеш төрагалыгын тапшырды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев кызматын тапшырууга арыз берди. Бул тууралуу Канат Исаев журналисттерге билдирди.

Кызматтан кеткенинин себебин ал «Кыргызстан» партиясынын атынан Президенттикке ат салышарын айтты.

«Шайлоого катышуу үчүн спикерликти тапшырдым. Башка себеби жок» деди Исаев.

«Азыркы тапта Садыр Жапаров эбегейсиз бийлик рычагдарына ээ болуп турат. Бирок ал расмий билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Мындай шартта президенттин милдетин кайра Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Төрага аткарбаса, биринчи вице-премьер-министр президенттин милдетин аткара албайт. Саясий туңгуюкка кабылганы турабыз. Ушундан улам мен төрагалык кызматты тапшырып берүү чечимин кабыл алдым» деп билдирди Канат Исаев.

Бүгүн , «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Анда күн тартибиндеги алдын-ала белгилүү болгон маселелерден тышкары парламент төрагасын шайлоо болот деген маалыматтар бар. Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталып жаткандыгы айтылууда.

Канат Исаев 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты