Жогорку Кеңештин жаңы спикери шайланабы?

  • 3 года мурун

Бүгүн, 4-ноябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйындын күн тартибинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо тууралуу, айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелер бар экендигин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, депутаттардын кароосуна Жогорку Кеңештин жаңы спикерин шайлоо маселеси коюлат. Спикер Канат Исаев президенттик шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу кызмат ордун өткөрөт. Маалыматтарга караганда, жаңы спикерликке Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталат. Ошону менен ал Садыр Жапаров президенттик шайлоого аттанганда Президенттин милдетин аткаруучу болуп калат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты