​Садыр Жапаров: Парламенттик система эл менен бийликтин байланышын ажыратты

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөндөн бери өлкөдө эл менен бийликтин ортосундагы байланыш жоголду деп эсептейт. Мындай пикирин ал 3-ноябрда “Region” телеканалына курган маегинде айтты.

Сунуштала турган конституциялык реформа жөнүндө айтып жатып ал президенттик башкарууга өтүү жана курултай институтун киргизүү зарылдыгын белгиледи:

“2007-жылдан баштап партиялык система деди. Партиянын башына бир лидерди алып келет, калганынын баарын эл тааныбайт, алар акча менен келет, элди кабыл албайт да, эл менен бийликтин ортосундагы байланыш ажырап калды. Биз азыр партиялык башкаруу дегенден кетип, президенттик башкарууга барышыбыз керек деп жатам. Анан курултай институтун киргизип коёлу деп жатам. Курултай жылына бир жолу чогулуп, парламент менен президенттен отчет алып турсун деп жатабыз. 2010-жылы мен партиялык тизме менен шайлоого келдим. Үч партия коалиция түзүп, мамлекетти үчкө бөлүп алып, каалагандай калчадык. Эл, көрдүңүздөр, бир мандаттуу округдан шайлоо болсун деп жатат. Муну референдумга алып чыгып, чечебиз. Конституциялык кеңешме түзүлүп, балким, сунуштар болоттур. Балким, көпчүлүк кайра эле партиялык система болсун дейттир”.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы партиялар тынч митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Боршайком парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген, бирок парламент бул өнөктүктү конституциялык реформадан кийин уюштуруу тууралуу мыйзам кабыл алып, аны Жапаров колдогон. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтмөй болуп жатат.

Конституцияны өзгөртүү боюнча Жапаров айтып жаткан сунуштарга карата кайчы пикирлер да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Кыргызстан президенттик башкарууга өтсө, бир кишини пир туткан экинчи Түркмөнстанга айланарын», ал эми саясатчы Өмүрбек Текебаев «жүз миңдеген адам тандаган президенттин жана парламенттин үстүнөн миң кишиден турган курултай көзөмөл жүргүзбөшү керектигин» айтышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты