ИИМ БШКны тинтип жатат

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-июлдан берки документтерин тинтип, алып жатат.

Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди жана биздин кабарчылар БШКдан кабарлады.

ИИМ өкүлү 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандык фактысы боюнча жазык кодексинин 264-беренеси менен кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жаткандыгын 21-октябрда Жогорку Кеңеште кабарлаган.
ИИМдин криминалдык милиция кызматына 5-октябрда болгон окуянын жагдайларын аныктоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алууну кабарлоо тапшырмасы берилгендигин билдирген.

Ички иштер министрлигинин өкүлү 8-октябрда башкы прокуратура тарабынан БШКнын бардык мүчөлөрүнө «Шалаакылык» беренеси менен фактынын негизинде иш козголгонун, ИИМ ишти тергөөгө киришкенин билдирген.

Буга чейин да БШК кеңсесине ИИМ кызматкерлери келип, процессуалдык укуксуз эле суракка алып кеткени жатканын БШКнын басма сөз кызматы кабарлаган.

21-октябрда, БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү чечимин кабыл алган.

Сүрөт: БШК кеңсесинде. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты