​ Ырчы Мирбек Атабеков “Достук” мейманканасына чогулган депутаттарды сабоого чакырык жасаган эмес

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова өзүнүн Facebook баракчасына КРнын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков “Достук” мейманканасына жоон топ элди баштап барып, депутаттарды сабайбыз деди” деген видео-билдирүүсүн тараткан.

Бул жөнүндө kyrgyztoday.org, kompromiss.kg, abal.kg, argument.kg маалымат порталдары жазып чыккан.

Мирбек Атабеков жана бир катар маданият өкүлдөрү 6-октябрь күнү Спорт ордосуна жаштардын бийликке келүүсүн колдогон тынчтык митингине чыккан. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депуттары “Достук” отелине чогулушкан. Отелдин алдына топтолгон митингчилердин катарында Мирбек Атабеков да болгон.

Депутат Жылдыз Мусабекова бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Мирбек Атабеков “Достук” мейманканасынын алдында жаштардын келүүсүн талап кылганын гана айтканын билдирди:

“Мен болгону ырчымын, депутаттарды сабай ала турган деңгээлде болсом кана?! Депутаттар жөнүндө ошондой сөз айтканга менде себеп да жок: бийлик талашпасам, же кресло талашпасам… Жөнөкөй киши дагы эмес, Мусабековадай депутат, улуу эле эженин мен жөнүндө ушундай сөз таратканына өзүм да таң калып турам. Менин айтканымды далилдеген видео же аудиосу болсо жакшы болмок. “Достук” отелинин алдында мен жаңы жүздөрдү талап кылабыз, жаштар келсин дегем. Анан элдерди тынчтандыруу үчүн чыгармамды аткаргам, чогулгандарды таратууга аркет кылгам. Далили жок эле айыптагандар өз сөзү үчүн жооп бериши керек деп ойлойм. Жада калса минтип айтканы үчүн сотко берсем да болот”, — деп билдирди Атабеков.

Эскерте кетсек, буга чейин Мирбек Атабековдун Оштуктарды Бишкекке бастырбаш керек” деген сөзү үчүн элден кечирим сурасын деген пост социалдык тармактарда таратылган.

Бирок ырчы андай сөз айтпаганын өзүнүн инстаграм баракчасына билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты