​Президент премьер-министр Садыр Жапаров жана төрага Канат Исаев менен жолукту

  • 4 года мурун

Бүгүн, 14-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту.

Мамлекет башчы аларды кызмат орундарына дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, жаратман ишмердүүлүгү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артты.

Президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус инфекциясы пандемиясынын экинчи толкунуна ошондой эле күз-кыш жылытуу мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары, ичинде экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган өлкөнү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды дагы иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Эскерте кетсек, бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар өкмөт башчыны жана өкмөт курамын бир добуштан бекитишкен.

Кечээ, 13-октябрда, “Ала Арча” резиденциясындагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында парламенттин төрагалыгына “Кыргызстан” фракциясынан Канатбек Исаев шайланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты