Парламентте Бишкекке өзгөчө абал киргизүү маселеси каралган жок

  • 4 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда, “Ала-Арча” резиденциясында чукул чакырылган жыйынында Бишкекте өзгөчө абалды киргизүү маселеси каралган жок. Парламентте Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталды.

Буга чейин парламенттин чукул жыйынында Бишкекке өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат деп болжолдонуп, бирок ал күн тартибине киргизилген жок.

9-октябрда, Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлган.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди деп айтылган.

Бирок “Өзгөчө абал” тууралуу Конституциялык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, жарандардын коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө абал киргизиле тургандыгы тууралуу эскертери жазылган. Ал эми аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу эскертпей эле киргизет жана бул тууралуу Жогорку Кеңешке токтоосуз, ошол эле күнү билдирет.

Аталган мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен үч күндүн ичинде айрым жерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитиши же четке кагышы керек. болчу. Бирок Жогорку Кеңеш жыйыны ал маселени караган жок.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын чукул жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Ал жыйында сөз сүйлөп, өкмөттүн курамы өзгөрбөгөнүн билдирди.

Сүрөт: «Кактус медиа».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты