Садыр Жапаровду премьер министрликке көрсөтүү маселеси каралып жатат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда, “Достук” отелинде өтө турган Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кезектеги жыйынына массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей жатат.

Активист Аманбол Бабакулов, жыйында Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу: “ЖКнын «Достук» отелиндеги кезексиз жыйынына кворум жок. Он чакты депутат келди. Жыйын өтпөй калышы ыктымал” деген билдирүү жасаган.

Эске салсак, бүгүн саат 16.00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулмак.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты