“Форма-2”: Же шайлоочулардын массалык «миграциясы» эмнени көздөйт?

Шайлоочулардын массалык «миграциясы»- “Форма-2” боюнча шайлоого катышкысы келгендердин саны өсүп жатат. Бул шайлоочунун өз укугун пайдалануусу гана эмес, добуш сатып алуунун бир түрү болуп калгандыгы тууралуу маселе күн тартибине коюлууда.

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова Бишкектеги шайлоо участокторунда “Форма-2” боюнча кайрылган шайлоочулардын мисалынан улам, республика боюнча шайлоо тизмеси текшерилиши керектигин айтып чыкты.

-Өлкө боюнча шайлоочулардын тизмеси текшерилиши керек. Кыска убакытта форма-2 боюнча катталуу мыйзамда каралган чекке жетип кетти. Болжолдуу текшерүү да алдыдагы шайлоо үзгүлтүккө учуроого мүмкүн экенин көрсөтүп турат, — деди Атыр Абдрахматова.

Анын айтымында, Бишкектеги 9 шайлоо участогу текшерилген. Андагы 2 участокто арызды ошол участокко караштуулар гана алып жатканы аныкталган. 7 участокто тизме толуп, форма-2 боюнча арыздарды кабыл албай калышкан.

9 участоктун экөөндө (1063, 1064) форма-2 боюнча келгендер 80-90 пайыз болгон.

“Форма -2” боюнча 18-августтан 8-сентябрга чейин жапырт келе башташкан. Ошол текшерилген участоктордо шайлоочулар 60-70 же 100-150 гө чейин келгендиги аныкталган.

Атыр Абдрахматова Баш прокуратура “Форма-2” боюнча шайлоочулардын тизмеге киришин, ал эми саясий партиялардан “Форма-2” боюнча жапырт катталуу фактысын текшерүүнү, Коопсуздук кеңеши бул маселени карашы керектигин айтып чыкты.

«Форма-2” — шайлоочунун шайлоо дарегин өзгөртүү укугу. Ал үчүн шайлоочу добуш бере турган шайлоо участокторуна катталып, (Форма-2ни толтуруп) шайлоо күнү ошол жактан добуш бере алат. Бирок бул добуш топтоонун бир формасы катары колдонулуп жатканы маалым болууда.

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев 15-сентябрда Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндөгү ИСИТОдо жайгашкан №1247 шайлоо участогунда шайлоочуларды массалык түрдө форма-2 боюнча каттап жаткандыгын БШКга билдирген.

Мектеп мугалимдерин, саламаттык сактоо ж.б. бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин добуш берүүгө үндөгөнү борбордогу № 1325, 1352 жана 1325 шайлоо учуастокторунда каттоосу жокторду форма-2 боюнча массалык каттоого алуу жана шайлоо тартибин бузуу фактылары БШКга билдирилип, тиешелүү чара көрүүгө компетенттүү органдарга жиберилгенлиги маалым болду.

“Жарандык демилгелер” коомдук фондунун жетекчиси Динара Ошурахунова добуш сатып алуу көрүнүштөрү боюнча буларды белгиледи:

-Эгерде жарандардан добуш сатып алуу боюнча арыздар түшүп, жыйынтыктар чыкса, анда алар добуш сатып алуу процесстерин көзөмөлдөп, дайыма ал жөнүндө айтып турат. Укук коргоо органдарына маалымат түшкөндө жыйынтык болушу керек,- деди Динара Ошурахунова.

БШКнын маалыматы боюнча республика боюнча 13-сентябрга карата форма -2 боюнча арыз бергендердин саны 253 056 га жеткен.

Бишкек шаары боюнча 13-сентябрга карата 475 087 шайлоочунун ичинен 104 57 киши форма-2 ни толтурган, бул Бишкекте дээрлик ар бир төртүнчү шайлоочу форма-2 боюнча добуш бергени жатат дегенди билдирет. (Инфографика)

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты