​Беларуста эл толкуп жатат. Лукашенко Данияр Үсөнов сыяктуу инвесторлор менен жолугууда

  • 4 года мурун

Беларуста президенттик шайлоодон кийин эл толкуп жатат. Александр Лукашенко Данияр Үсөнов сыяктуу инвесторлор менен жолугууда.

10-августта Беларуста Президент Александр Лукашенко Минск облусунда Пуховичский районунда жогорку технологялуу агроөнөр жай өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоор менен таанышты.

Инвестициялык долбоорду “Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы” жүргүзүп жатат.

Бул тууралуу Беларусь Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал агроөндүрүш жылына 650 млн долларга продукция даярдап, 300-350 млн доллар таза киреше алаары күтүлүүдө.

Эң кызыгы- «Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорациясынын бул долбоору менен Александр Лукашенконго Кыргызстандан качып кеткен мурагы премьер-министр Данияр Үсөнов же ал жактагы аты боюнча Даниил Урицкий тааныштырууда. Беларусь басылмаларынын маалыматы боюнча, Даниил Урицкий аталган корпорацияны жетектейт.

Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдагы апрель окуяларынын учурундагы оор кылмыштар үчүн айыпталып, өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө сыртынан кесилген. Кийин ал Данияр Урицкий деген ат менен Беларуста бизнес жүргүзөрү кабарланган.

Сүрөт president.gov

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты