COVID-19: 425 учуру катталды. 9 бейтап каза тапты, 517 киши айыкты

Жаңылыктар

8-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 425 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек - 124;
Ош – 31;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу - 47;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 78;
Баткен облусу - 45.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
12 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 60 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2938 учур катталды, алардын ичинен 2097 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 39 587ге жетти.

517 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 31 281ге жетти.

Бир сутка ичинде 9 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1460ка жетти (пневмонияны эсепке алганда).

ЖаңылыктарКыргызстанкоронавирускатталдыжаңы учур