​COVID-19: Айыккандан кийинки реабилитация

COVID-19 инфекциясынан айыккандан кийинки реабилитация кандай болушу керектиги тууралуу республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева айтып берет.

COVID -19дан айыгып чыккан бардык адамдарга ден соолугун кайра калыбына келтирүү зарыл. Көпчүлүк адамдар, айыккандан кийин деле бир аз кыймылдаса эле дем алуусу кыйындап, алы кетип, тез чарчап калаарын айтышат.

Реабилитация оорунун орточо оор же оор түрү менен ооругандарга өзгөчө керек. Андыктан, ден соолукту калыбына келтирүү процесси кажет. Ар бир адамда реабилитация процесси ар башкача болот.

Бул тууралуу республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева билдирди.

Дарттан айыккан бейтаптар беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелерди сакташы зарыл.

Реабилитация үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

1. Дарттан айыккан бейтаптар беткап тагынуу, колдун гигиенасын, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелерди сакташы зарыл.

2. Толук баалуу тамактануу зарыл.

3. Суюктукту көп ичүү (чай, морс, компоттор), сүт азыктары (айран, кефир) сунушталат;
Майлуу эмес эт азыктары, этти бышырып, шорпо же бульон жасоо жана балык сунушталат;
Мөмө жана жер-жемиштен жасалган пюре, жашылча колдонуу керек. Акырындык менен рационго калориялуу тамактарды кошсо болот.

4. Физикалык активдүүлүк: бир күндө 30 мүнөткө жакын таза абада жай сейилдөө керек.

Абалга жараша, сейилдөөнүн убактысын көбөйтүүгө болот. Эгерде спорт менен машыккан адам болсо, абалга жараша кайрадан машыгууну баштоого болот;

5. Дем алуу гимнастикасын үйдөн өз алдынча жасоо керек. Күн сайын 10-15 минут гимнастиканы эки-үч маал жасоо.

6. 8 сааттан кем эмес уктоо зарыл. Уйку кангыча уктап, эс алуу – иммунитетти көтөрөт.

7. Куурулган, туздалган тамактардан баш тартып, шекер, ар кандай таттуулпарды жегенди токтотуп туруу зарыл.

8. Тамеки чегүүдөн жана спирт ичимдиктерининен алыс болуу керек
9. Реабилитация учурунда суукка урунбоо зарыл. Аба ырайына ылайык кийинип, суукта көпкө жүрбөш керек.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директору Нурила Алтымышева ушундай ке-ештерди сунуштады.

Сүрөттө: Нурила Алтымышева. gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты