​Кыргызстандын адилеттүү дин саясаты

Баяндар

Кыргызстандын Конституциясында мамлекеттик башкарууга диндин кийлигишпестиги жөнүндө берене бекитилген, бирок бул принцип дайыма эле сактала бербейт.

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жайгаштырылган.

Тарых илиминин кандидаты, Ж.Баласагын Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана дин таануу факультетинин профессору Рыскул Жолдошев бүгүнкү Советтер Союзуна чейин Кыргызстандын территориясындагылар диний коомдук түзүлүштү кармашкан дейт.

«Советтер мезгилинде кыргыздар светтик болушчу, ал эми светтик деген термин атеист дегенди туюнтчу. Советтер кулагандан кийин гана эл светтик деген сөздүн маанисин түшүнө баштайт, светтик – бул бийликтен диндин бөлөк экендиги, - деп кошумчалайт ал.

Азыр Конституциянын биринчи беренесинде Кыргыз Республикасы – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет деп жазылган.

Рыскул Джолдошев. Photo: Sputnik / Табылды Кадырбеков

«Светтик» деген терминдин өзү Европада, XV-XVI кылымдагы Агартуу доорунда пайда болгон Жолдошевдин сөзү боюнча так ошол XVI кылымда католиктик чиркөөгө каршы улуу реформа жүргүзүлгөн. Ал кезде, саясатка диний көз караштын киришпегендигин светтик – жарыкчыл деп атоону чечишкен.

«Светтик өлкөдө мамлекет динге киришпейт деген туура эмес. Мамлекет динди көзөмөлдөбөй коё албайт, ал эми дин саякатка эч качан кирише албайт. Мына ушунун өзү светтик деген түшүнүктү туюнтат», – деп түшүндүрдү тарыхчы, кеп динге ишенүүгө укуктун чектелгендиги жөнүндө эмес, көзөмөлдөө жөнүндө болуп жаткандыгын кошумчалап жатып.

Көз карандысыз эксперт, теолог Данияр Мурадилов дүйнөдө светтиктин бир нече түрү гана бар деп айтууда:

Баарын жалпысынан көзөмөлдөө. Мисалга, Советтер Союзундагыдай. Бул диндин мамлекеттен бөлүнгөндүгү эмес, жалпысынан мамлекеттен да, коомдон да бөлүнгөндүгү. Мындайча айтканда атеизмди пропагандалоо аркылуу динге тыюу салуу.

Диний уюмдардын мамлекеттик бийликтен бөлүнүүсү. Мисалга, Германия, Түркиядай, аларда диний уюмдар бийликке, шайлоого ж.б. бара алышпайт.

Диний уюмдардын мамлекеттик бийликтен бөлүнүүсү, бирок басымдуу, мамлекеттик диндин бөлөктүгү деген мааниде. Бирок, башка динди да тутуу да тыюуга салынган эмес. Буга Египетти, Улуу Британияны мисалга тартса болот.

Кыргызстандагы светтик деген түшүнүккө Өлкөнүн Конституциясында аныктама берилет, айтсак, 7-беренеде берилген деп белгилейт КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) директорунун орун басары Закир Чотаев.

«Эч кайсы диний уюм мамлекеттик башкарууга киришпеши керек. Башка пунктунда эч кайсы дин милдеттүү жана мамлекеттик болбошу керек деп да жазылган. Ошондой эле биз диний ишмердик мамлекеттик башкаруудан ажыратылган деп айтуудабыз», – дейт Чотаев.

Ал светтик дегенде аны атеизм менен алмаштырбаш керек деп белгиледи. Анын сөзү боюнча светтик мамлекеттин принциби – эч кайсы конфессияга тартпаган, мамлекеттин баардык диндерге тегиз мамилеси. Ошондой эле атеисттик жана башка топторго бирдей мамиле кылуу.

«Биз баарына бирдей мамиле дегенде, мамлекетте абийир жана дин тутуу эркиндиги камсыздалат деп айтуудабыз. Бул светтик мамлекеттин ажырагыс бөлүгү. Ошондуктан, биз абийир жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө кеп кылганда, мамлекет бардык диндердин, анын ичинде атеисттик топтордун да эркиндигин тааныйт деп айтабыз», – деп кошумчалайт Чотаев.

Бирок, Мурадиловдун ою боюнча, Кыргызстандын мыйзамында светтиктин моделин тактап жазуу керектигин, эмнени ал болжолдуу айтууда, эмнеге тыюу салууда жана эмнеге уруксат берүүдө – толуктап жазуу керек дейт. Бул хиджаб кийүүгө, диний билим алууга ж.б. байланышкан маселелерди чечүүгө жол бермек.

«Мындай модель үчүн так аныктамалардын жоктугу кээ бир шоркелдей саясатчылардын же кээ бир кокуй динчилдердин өзүнүн жеке кызыкчылыгын аткаруу үчүн ачкыч берип жатат […]. Бул кандайдыр бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп агитациялоо, же тескерисинче саясатчы өзүнүн чыгып сүйлөөсүндө электоратты өзүнө ишендирүү жана ошону менен бирге динди саясатташтыруу болушу мүмкүн», – деп белгилейт теолог.

Кыргызстанда светтик принцип бир нече жолу бузулган. Айрыкча бул шайлоо маалында көп болот. Балким, мисалдар көп эле болгондур, бирок ЖМК аркылуу кеңири маалымдуулукка кээ бирлери гана түшкөн.

Закир Чотаев. Photo: CABAR.asia

Закир Чотаевдин сөзү боюнча мындай бузулуулар депутаттарды жергиликтүү кеңешке шайлаганда да, парламентке шайлаганда да болгон. Тактап айтканда, диний уюмдар тигил же бул саясий партияларды агитациялашкан.

«Анда биз диний уюмдарга эскертүү бергенбиз, а БШК – партияларга эскертүү берген», – дейт ДИМКтин жетекчисинин орун басары.

2015-жылы мурдагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, эксперт Жолборс Жоробеков «Азаттык» радиосуна региондордо саясий партиялардын өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүп, ал жакка дин өкүлдөрүн же молдолорду эрчите келишээрин айтып берген.

«Түштүк региондордо депутаттыкка талапкерлер жана депутаттар жергиликтүү калктын колдоосун алуу үчүн өзүлөрү менен диний ишмерлерди ала жүрүү тажрыйбасы кенен жайылтылган. А диний ишмерлер болсо өз учурунда алар агитацияга катышпагандыгын, саясатчыларды тууганы, досу жана шакирти катары гана коштоп жүрөрүн билдиришкен», – деп келтирет «Азаттык» Жоробековдун сөзүн.

Дагы бир светтик принципти бузуунун мисалы катары өлкөнүн мурдагы муфтийи, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун 2017-жылдагы өлкөнүн президентин шайлоодо жүргүзгөн агитациясына байланышкан чатак болду. Видео социалдык тармактарга жарыяланып, коомчулуктун кыжырын келтирген.


Анда БШК Жалиловго эскертүү берип, агитациясын мыйзамсыз деп тааныган.

«Светтик түзүлүш жана укуктун эркиндигинин ортосудагы маселе бир топ татаал. Биз мамлекеттик бийлик динди көзөмөлдөп жаткандыгын түшүнөбүз. Диний идея мамлекет тарабынан жүргүзүлө баштаганда светтик бузулууга дуушар болот. Бирок, диний ишмерлер мусулман же христиан болгонуна карабастан, диндин идеясын пропагандалабастан мамлекеттик ишмердикке катыша алышат», – деп белгилейт Рыскул Джолдошев.

Кыргызстандын мыйзамында адамдын диний тийиштүүлүгүнө карабастан баарына бирдей мамиле жасоо каралган. Бирок, Закир Чотаев адамдын укуктары менен милдеттери башка да бир адамдын укуктары менен милдеттери башталган жерде бүтөт деп белгилейт.

«Адамдын укугу эч качан чексиз болбойт. Сизге эркиндик башка бирөөнүн укугун бузганга чейин гана берилет. Чектин бирөө ушундай. Экинчиси, силердин диний эркиндигиңер аракеттеги мыйзамдын нормаларын бузбашы керек дегенибиз», – дейт ДИМКтин жетекчисинин орун басары.

Жаңылыктар