COVID-19: 421 учуру катталды, экөө каза тапты. Пневмониядан 45 бейтап көз жумду

  • 4 года мурун

14-июлга карата бир суткада өлкөдө COVID-19 вирусунун 421 учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 176;
Чүй облусу — 87;
Ош шаары — 58;
Ош облусу — 6;
Жалал-Абад облусу — 40;
Баткен облусу — 21;
Ысык-Көл облусу — 31;
Нарын облусу — 1;
Талас облусу — 1.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны — 11 538.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан айыгып, ооруканадан 109 киши чыгарылды. Айыгып чыккандардын жалпы саны-3569.

Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты.
Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны — 4995 кишини түздү.

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап
COVID-19 инфекциясынан каза болду. Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58
жашта, аял 67 жашта).

Жалпы каза
болгондордун саны 147 кишини түздү.

Бир сутка ичинде пневмониядан 45 бейтап каза болду. Алардын ичинен Бишкекте — 22 бейтап.
Март айынан бери коронавирустан каза болгондордун жалпы саны – 497 киши.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты