​Коронавирустан дагы эки бейтап каза болду

  • 4 года мурун

Өткөн сутка ичинде 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Токмок аймактык ооруканасынан – 1974- жылы туулган аял жана темир жол ооруканасынан 1969-жылы туулган киши дүйнөдөн өттү.

Ал эки учурда тең бейтаптар ооруканага оор абалда келген.

Кыргызстанда каза болгондордун жалпы саны 37 кишини түздү.

21-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 170 учуру катталды.

Республикада вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 3151ге жетти.

Бир суткада ооруканадан айыгып чыккандардын саны 30 болду. Вирустан арылгандардын бардык саны 2011ге жетти.

Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты