24 медкызматкер коронавируска кабылганы аныктады
- 4 года мурун
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Анын ичинен: Чүй облусунда – 8, Бишкек шаарында – 7, Ош шаары менен Нарын облусунда -3 төн, Ош, Талас, Жалал-Абад облустарында -1ден.
8 медкызматкер айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 533 учур катталды.
Жалпы 381 медкызматкер стационардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 132 учуру аныкталды. 1 киши каза тапты.
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2789 га жетти.
Айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 28 болуп, айыгып чыккандар 1961ге жетти.
Муну бөлүшүү