Оренбургдан кыргызстандыктар чартердик учак жана автобус менен алып келинет

  • 4 года мурун

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз өкмөтү Оренбург-Бишкек каттамы боюнча 20-майда чартердик каттам уюштурганын эске салды.

ТИМ маалыматына караганда, чартердик каттам менен Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда кете албай турган кыргызстандык жарандардын бир бөлүгү Кыргызстанга жеткирилет. Учакка биринчи кезекте балдар, кош бойлуу аялдар, улгайган адамдар отургузулат,

Чартердик каттамдын соңунан автобус колоннасы менен кыргызстандык калган жарандар алып келинет.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарды сабырдуулукка чакырып, аба каттамын жана автобусту күтүүгө чакырды.

Азыркы учурда 540 кыргызстандык Оренбург облусунда палатка тигилген лагерде жашап жаткандыгы айтылууда.

Сүрөт: Лагердеги кыргызстандыктар. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты