​Казакстанда коронавирустан улам бир айыл карантинге жабылды

  • 4 года мурун

Санитардык-эпидемиологиялык абал курчуп кеткендиктен Казакстандын Караганда облусунун Бухар-Жырау районундагы Ботакара айылы 18-майдан тартып карантинге жабылат.

Күн мурун айылдын он тургуну коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

«Тургундарга зарылдык болбосо сыртка чыгууга, жеке автоунаанын айыл ичинде жүрүүсүнө тыюу салынат. Блокпосттор коюлуп, карантиндик аймак белгиленет. Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген объектилерде санитардык режим күчөтүлүп, дезинфекциялоо иштери аткарылышы керек», — деди облустун башкы санитардык дарыгери Канат Аскаров.

18-майдан тартып Караганда облусунун Темиртау шаары менен Ботакар айылынан башка аймактарында карантиндик чектөөлөр жумшартыла баштайт. Шаарлар ортосундагы автобус каттамдары жанданып, бассейндерден башка спорттук объектилердин ишине уруксат берилет.

17-майга карата Казакстанда 6157 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 34 бейтап каза болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты