​Акыркы коңгуроо быйыл онлайн өтөт

  • 4 года мурун

Быйыл өлкөдөгү кырдаалды эске алып, акыркы коңгуро онлайн түрүндө өтөт.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, телеканалдардан жана социалдык тармактардан #менбүтүрүүчүмүн же #явыпускник акциясы башталды.

-Бул акцияга кошулууну суранып кетем. Биздин бүтүрүүчүлөрдү куттуктап,маанайларын көтөрөлү, -деди ал.

2020-жылы Кыргызстанда 9-класстын 103 670 окуучусу жана 11-класстын 58 730 бүтүрүүчүсү окууну бүтүрөт.

15-майга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясынан каза тапкандардын саны 302 миң 418 кишиден ашты. Жалпысынан 4 млн 442 163 киши вирустун жаңы түрүн жуктуруп, 1 миллион 700 миң киши айыкты.

15-майга карата COVID-19 инфекциясынын 19 учуру катталды. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 1111ге жетти. Айыккандардын жаолпы саны Кыргызстанда 745ке жетти.

Өткөн суткада эки киши COVID-19 вирусунан каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 14 киши болду.

Сүрөттө: Өткөн жылдагы бүтүрүүчүлөр. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты