​Медицина адистеринин тобу Нарын облусуна жөнөп кетти

  • 4 года мурун

Нарын облусунда түзүлгөн коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, борбор калаадан 14-майда медициналык адистердин тогузунчу тобу жөнөп кетти.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматолог кирген.

Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен операция жасоочу дарыгер, акушер-гинеколог Нарын облусундагы Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн.

Ар бир медкызматкер керектүү өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздалды. Иш сапарга байланышкан бардык чыгымдар, ошондой эле негизги иштеген жери боюнча эмгек акысын сактоо менен кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле эпидемиологиялык фонддон каржыланат.

Кыргызстанда 14-майга карата бир сутка ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды. Булардын ичинен Нарын облусунда баарынан көп, 15 учур катталды.

Республикада вирус жуктургандардын саны бардыгы 1082ге жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты