COVID-19 диагнозу менен 244 бейтап ооруканада жатат (Видео)

8-майдагы маалымат боюнча өлкөдөгү стационарларда – 244 киши коронавирус менен сыркоолоп жатат, алардын арасынан алтоо — реанимацияда.

Бишкектеги республикалык жугуштуу дарттар ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптар жана аларды дарылаган дарыгерлер тууралуу бул видеодон көрө аласыздар.

Ал ооруканада өздөрү дарыланып жаткан дарыгерлер жок экенин белгилешти.

Өлкөдө жалпысынан ооруканадан 650 бейтап айыгып чыкты. Ал эми республикада каза тапкандардын жалпы саны — 12 киши.

Обсервацияда 1250 киши жатат.

Кыргызстанда бүгүнкү, 8-майдагы, маалымат боюнча COVID-19 инфекциясынын 11 учуру катталып, жалпы саны 906га жетти.

Маалыматтарды саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Видео: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Сүрөт: Респуликалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты