​Дагы 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

7-майдагы маалымат боюнча бир сутка ичинде өлкө боюнча, 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен Бишкек шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 224 медициналык кызматкер катталды. Алардын ичинен 161 медкызматкер стационардан айыгып чыккан.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

7-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учуру катталып, жалпы саны 895ке жетти.

Республика боюнча жалпы 637 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты