Бир суткада 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда 4-майга карата бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Алар- Бишкек шаарында -6, Жалал-Абад облусунда – 2, Нарын облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясын 216 медициналык кызматкер жуктуруп алды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

139 медкызматкер стационардан айыгып чыкты. Ал эми бир врач каза тапты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

4-майда COVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталып, жалпы саны 830га жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты