COVID-19 вирусу аныкталган врачтардын терисинин түсү карарып кеткени чындык

Социалдык тармактарда коронавирус жуктуруп алган кытайлык дарыгердин терисинин түсү карарып кеткени айтылып жатат. ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

DailyMail онлайн басылмасы коронавирус аныкталган дарыгерлердин терисинин түсү өзгөрүп, карарып кеткенин жазып чыккан:

“COVID-19 вирусунун оор түрү менен ооруп жаткан дарыгерлердин териси карарып баштаганы байкалган. 42 жаштагы Ю Фан жана Ху Вейфенг Ухандын борбордук ооруканасында иштеп жатып коронавирусту жугузуп алышкан. Дарыгерлердин кесиптештеринин пикири боюнча, алардын терисинин аномалдуу түсү вирустун бооруна зыян келтиргенден кийин пайда болгон гормоналдык тең салмактуулуктан келип чыккан”, — деп айтылат басылманын маалыматында.

China BeijingTV каналынын видеосунан чындап эле дарыгерлердин терисинин түсү өзгөргөнү көрүнүп турат. Алардын кесиптештеринин версиясы боюнча, теринин карарышы денедеги гормоналдык тең салмактуулуктун бузулушунан улам келип чыккан — коронавирус боордун нормалдуу иштешин бузган.

Дагы бир пикир боюнча, мындай таасир терапиядан улам келип чыгышы мүмкүн. Ю Фан менен Ху Вэйфенг экстракорпоралдык мембрананын кычкылдануусу (ECMO) менен, канды кычкылтек менен каныктыруу ыкмасы аркылуу дарыланып, ал гормоналдык деңгээлге дагы таасир эткен.

Дарыгерлер убакыттын өтүшү менен боор калыбына келтирилгенден кийин теринин түсү кайрадан нормалдуу болуп калат деп билдиришти.

Жыйынтык: Дарыгерлердин терисинин карарып кеткени чындык.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты