​Асрандиев: “Кризиске каршы кыска мөөнөттүү программа кабыл алынган”

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымат жыйынында өлкөдөгү экономикалык абалга токтолуп кетти.

-Өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды.

Ага азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бизнес үчүн шарттарды жеӊилдетүү – салык чогултууну жылдыруу, социалдык маселелер жана коммуналдык кызматтар кирли.

Мындан улам, 2020-жылдын октябрына чейин отчёт тапшыруу жылдырылды, — деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Сырттан кандай грант, кредит келди?

-Вице-премьер министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясына ыкчам жооп кайтаруу боюнча долбоорду ишке ашырууга 12,15 млн АКШ долларын бөлүп берет.

Мындан сырткары учурдагы долбоордон 9 млн АКШ доллары COVID-19 глобалдык пандемиясына байланыштуу тобокелчиликтерге жумшалат.

Мындан сырткары “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелчиликтерине туруктуулугун жогорулатуу” аттуу учурдагы долбоорунан 9 млн АКШ доллары бөлүштүрүлөт. Дүйнөлүк Банк каржылап жаткан бул долбоордун алкагында өкмөткө чукул кырдаалдарда коротулбаган каражаттарды тез арада алууга өбөлгө түзгөн механизм бар.

Өкмөт салык бошотуп же кайтарымсыз негизде насыялоо бере албайт

-Бизнеске жардам берүү маселесин иштеп жатабыз. Учурда эки булак бар – Орус-кыргыз өнүктөрүү фонду жана биздин эл аралык донорлорубуз. $150 млн чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет.

Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, — деп билдирди Асрандиев.

Өкмөт ишкерлерди салыктан бошотуп же кайтарымсыз насыя бере албайт

-Биздин бюджет мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт жана учурдагы кырдаалды түшүнүү керек. Анткени биз республикалык бюджеттен каржыланган жарандарыбыз алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз зарыл – бул пенсия, жөлөк пул жана айлык акы төлөө, — деп билдирди Асрандиев.

-Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы пайыздарды төлөөдөн 3 айга чейин убактылуу жылдыруу көрсөтүү боюнча күрөөканалардын жана коммерциялык банктардын ишин карап жатат, -деди Эркин Асрандиев.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара — Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Коронавирус дүйнөнүн 183 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты