24 сааттык коменданттык саат киргизилбейт. Такталган маалымат бул жакта

Азыркы абалга байланыштуу “24 саттык коменданттык киргизилет экен” деген маалымат мессенджерлерде тарап жатат. Бул маалыматты ПолитКлиника текшерип көрдү.

WhatsApp’тагы маалыматтардын биринде “Шаршембиден баштап 24 сааттык коменданттык саат киргизилет. Ошондуктан керектүү тамак-аш менен камсыз болуп алгыла” деп айтылса, экинчисинде “Көк-Жардагы коронавирус жуктургандардын айынан шаарды толугу менен тосот экен, сыртта жашаган милиция кызматкерлерин казармага жайгаштырат экен” деген маалымат айтылат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-марттагы пресс-конференцияда абал курчуп кетсе, 24 сааттык коменданттык саат киргизилиши мүмкүн экенин билдиргенин көптөгөн ММКлар жазып чыкты.

Бирок, Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын жана 24 сааттык коменданттык саат киргизүү маселеси жок экенин билдиришти:

“Бүгүнкү күндө өлкөдө 24 сааттык коменданттык саат киргизүү тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү бул маселе боюнча кошумча түшүндүрмө берет.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун маалымат жыйынында 24 сааттык коменданттык саатка байланыштуу маселе боюнча айткан текстинин үзүндүсү кесилип алынып, туура эмес чечмеленген.

Кубатбек Боронов маалымат жыйындын жүрүшүндө өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн белгилеген. Калк өзүнүн саламаттыгы жана жакындары менен туугандарынын ден-соолугу үчүн күндүзү олуттуу себеби жок сыртка чыгууну максималдуу түрдө чектөөгө тийиш. Социалдык изоляция эрежелерин сактоо керек, бул жарандык коомдун кынтыксыз аткарыла турган талабы болушу кажет. Антпесе баарыбыздын саламаттыгыбыз үчүн зор тобокелдиктер туулат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи вице-премьер-министрдин маалымат жыйындагы билдирүүсү:

Ал эми кийинки билдирүү боюнча Covid-19га каршы Республикалык штаб маалымат берип, Бишкектеги коронавирус жуктурган эки жаран Көк-Жарда турганы чындык экенин билдирди:

“Эки жаран Көк-Жарда турганы чын. Алар изоляцияга алынды, алар менен байланышта болгондордун баары табылып, карантинде турушат. Азырынча анализдерин күтүп жатышат. Ал эми Бишкек шаары буга байланыштуу тосулат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Шаардын сыртындагы блок-посттор буга чейинки режимде эле иштей бермекчи. Болгону жөн-жайсыз көчөдө басууну токтотуу максатында 410 каттамы боюнча жөө патрулдар уюштурулат”, — деп билдирет штабдын маалымат кызматы.

30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алардын баары — Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 94 болду.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты