​Райан: “Коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууга жана сыноого бир жылдан кем эмес убакыт керек”

  • 4 года мурун

Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан билдирди.

Потенциалдуу вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбөөгө тийиш.

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде Америка вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече дарыны да сыноодон өткөрө башташат” деп билдирди ДССУ программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Коронавирус 171 өлкөдө катталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты