Кыргызстандыктар чет өлкөдөн кайтканда карантинге алына турган тизме кеңейди

  • 4 года мурун

Биринчи категориядагы өлкөлөр тизмеси кеңейди.

Биринчи категорияга киргизилген чет мамлекеттерден келген кыргызстандыктар 14 күнгө медициналык жайларда же атайын даярдалган башка жайларда карантинге алынат.

Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында билдирди.

Биринчи категориядагы өлкөлөргө Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия жана Австрия кирет.

Бул өлкөлөрдө коронавирус жугузган миңден ашык киши бар.

“Андан тышкары үчүнчү категория деген болбойт. Коронавирус жугузган бир киши болсо эле, алар экинчи категорияга киргизилет. Ушул өлкөлөрдөн кайткан кыргызстандыктар эки жумага үй шартында карантинге алынат. Аларды врачтар текшерип жана көзөмөлдөп турат” деди вице-премьер.

Карантиндин шарты тууралуу нускама берилери айтылды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Дүйнөнүн 117 өлкөсүндө коронавирус тарады.

Сүрөт: өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты