​Коронавирустан каза тапкандардын саны 4 миңден ашты

  • 4 года мурун

Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 33 миңге жетти. 113 өлкөгө бул дарт жетти.

Бул маалыматтар окумуштуулар иштеп чыккан онлайн-картада көрсөтүлгөн.

Баарынан көп оору жугузгандар Италияда (9 миң 172), Түштүк Корея (7 миң 478), Иран (7 миң 161), Франция (1 миң 209), Германия (1 миң 176) жана Испания (1 миң 73).

Бардыгы болуп, коронавирус менен жабыркаган 113 710 учур катталды. Бир суткада көрсөткүч 3 676 га өстү.

Каза тапкандардын саны 4009 га жетти айыккандардын саны 63 миң 821.

Баарынан дартка кабылгандардын саны дарт чыккан Хубей провинциясында көп. Ал жакта 67 миң 760 учур катталды, 3 миң 24 киши каза тапты, 47 миң 585 киши айыгып чыкты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты