Кой-Таш окуясы боюнча соттун ачык өтүшүн талап кылышат

  • 4 года мурун

Бүгүн, 3-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы угуулар башталды. Сотту Марат Сыдыков алып барууда.

Сотко журналисттер киргизилген жок.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын паспорт менен киргизебиз деп киргизбей турушту.

Мында 14 киши кылмышка шектелип жатат. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархад Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу, Асангелди Какебаев. Булар бийликти күч менен басып алуу, бийлик өкүлүнө коркунуч келтирүү же күч колдонуу, тергөөчүнүн ишине тоскоол келтирүү, барымтага алуу, жапырт баш-аламандык, киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет, куралды мыйзамсыз жүгүртүү, курал-жаракты уурдоо жана куралды тартып алууга аракет, сотко чейинки ишке байланыштуу ага коркунуч келтирүү же күч колдонуу беренелери боюнча кылмышка шектүү деп табылган.

Дагы беш киши тергөө менен кызматташкандыгына байланыштуу алардын кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынды.

Кылмышка шектелген тараптардын адвокаттары кылмыш ишинин ачык өтүшүн талап кылышаарын билдирди.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюча соттук угуу 2-мартта башталат деп айтылып, кийин 3-мартка жылдырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты