​1-марттан тартып чек арада ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат

  • 4 года мурун

2020-жылдын 1-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынат.

Бул тууралуу өкмөттө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны учурунда маалымдалды.

Бул чара республиканын жарандарынын коопсуздугун сактоо жана өлкө чек арасынан өткөрүүнүн учурдагы абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында киргизилүүдө.

Буга чейин мамлекеттик чек арадан эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды.

Республикалык штабдын мүчөлөрү кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолук болууну сунуш кылат жана өздүк гигиенаны сактоонун зарылдыгын эскертет.

Кыргызстанда Кытайда жайылган коронавирустун алдын-алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ухань шаарынан кийин коронавирустан Хубей провинциясынын тогуз шаары жабылды. Дарыгерлер дем алуу органдарын сезгенткен жаңы короновирус кишиден жуга турганын ырасташты.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу экенин, коронавирус катталбаганын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты