Президент: Апрель, июнь окуяларынан сабак алышыбыз керек

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сүйлөп жатып апрель, июнь окуяларынан сабак алуу керектигин билдирди.

Мамлекет башчы коррупция менен күрөшүүдө, реформаларды ишке ашырууда бут тосуулар болуп жатканын белгиледи.

«Өз таасирин сактап калууга аракет кылгандар менин иш-аракетиме көрүнөө да, көмүскө да тоскоолдуктар кылганын билесиздер. Коррупциянын туу чокусунда тургандар ачык эле чабуулга чыкканы белгилүү. Эл аралык коомчулук дагы кооптонуу менен өлкөбүзгө назар салып турду. Кудайга шүгүр, сабырдуулукту сактап, чагымчылдыкка алдырган жокпуз», — деди президент.

Жээнбеков эл менен бийликтин ажырымына, улуттар аралык ынтымакты жана өлкөнүн тынчтыгын бузууга жасалган аракеттерге жол берилбей турганын белгиледи.

«Аксы окуяларынан, Март жана Апрель революциялары сабак болду. Шейит кеткен баатырлардын элеси ар кандай саясий максаттарга караганда коомдун тынчтыгы, өлкөнүн келечеги алда канча бийик тураарын эстетет. Быйыл Апрель революциясына, каргашалуу Июнь окуяларына 10 жыл болот. Бул трагедиядан терең сабак алып, журттун биримдиги, улуттардын ынтымагы деген жөн эле сөз эмес, адамдардын өмүрү, ден соолугу, жаштардын келечеги экенин көкүрөктө бекем сактап, андан кийин саясатты, башка иштерди ойлонолу», — деди Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты