​ТИМ: «Diamond Princess» лайнериндеги кыргызстандыктан элчилик кабар алууда

  • 4 года мурун

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги «Diamond Princess» лайнериндеги кыргызстандыктан элчилик кабар алып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти маалымдады.

«Кыргызстандын Японияданы элчилиги «Diamond Princess» круиздик лайнериндеги Кыргызстандын жараны менен байланышта болуп турат.

Кыргызстандын жаранынын айтуусу боюнча анын ден соолугу жакшы, дени табы көтөрүлгөн жок, ага байланыштуу дары-дармек менен дарылоонун зарылчылыгы болгон жок.

Ал көзөмөл алдында турат. Аны Кыргызстанга алып келүү тууралуу маселе көтөрүлө элек» деп айтылат маалыматта.

Айтымында, коронавирустун Японияда круиздик лайнерде жайылышына байланыштуу Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде ыкчам штаб түзүлдү. Ыкчам штабда консулдук-укуктук ж.б. жардам берилүүдө.

Круиздик Diamond Princess лайнеринде коронавирус жуктурган кишилердин арасында кыргызстандык да бар экендиги маалым болду. Алар Японияда, Иокогамада карантинге алынды.

Бул тууралуу World of Cruising журналы жазды.

Сүрөт: Интернет булактарынан. Архивдик сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты