Круиздик Diamond-Princess лайнеринде кыргызстандыктан коронавирус табылды

  • 4 года мурун

Круиздик Diamond Princess лайнеринде коронавирус жуктурган кишилердин арасында кыргызстандык да бар. Алар Японияда, Иокогамада карантинге алынды.

Бул тууралуу World of Cruising журналы жазды.

Япониянын саламаттык сактоо министрлиги вирусту жаңы жуктургандардын арасында Австралия (5), Канада (3), Кытай (3), Германия (2), Гонконг (1), Кыргызстан (1), Индия (2), Япония (27), Филиппин (17), Тайван (1), АКШнын (5) өкүлдөру бар экенин билдирди.

COVID-2019 коронавирусун жугузгандардын саны 450 кишиге жетти. Кораблде 3400 киши бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты