​Айнура Айбалаева улуттук банктын башкарма мүчөлүгүнө дайындалды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, кызматтык ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу (7 жыл) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын 65-беренесине ылайык, Тимур Жусупов улуттук банк башкарма мүчөсү кызматынан бошотулду.

Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Айбалаева Айнура Маматовна улуттук банктын башкармасынын мүчөсү кызматына дайындалды.

Айбалаева Айнура Маматовна М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1993-жылы аяктаган. 1998-жылы 2 жылдык окуудан кийин Франция премьер-министринин алдындагы Улуттук башкаруу мектебин аяктап, мамлекеттик башкаруу магистри дипломуна ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 1998-жылдын октябрь айынан тартып, эмгектене баштаган. Улуттук банкта иштеген жылдары ар кандай кызмат орундарын: валюталык башкаруунун тышкы байланыштары бөлүмүнүн башчысы, тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы жана персонал менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы кызматтарын жетектеген. 2009-жылдан тартып, 2012-жылдар аралыгында Азия өнүктүрүү банкынын аткаруучу директорунун кеңешчиси катары (Манила шаары, Филипинн), 2012-жылдан тартып 2015-жылдын январь айына чейин кыргыз-швейцариялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты