Президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду

  • 4 года мурун

Президенттин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйруктары менен:

— Стамалиева Толгонай Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды;

— Мансурова Наргиза Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Ташпаева Назгүл Президенттин Аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Базарбаев Кудайберген Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты